Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси Президенттин Башкы Ассамблеянын мааракелик сессиясындагы сөзүнүн маанилүү учурларын белгиледи. Ерлан Карин Касым-Жомарт Токаев ишеним каатчылыгынан жана милитаризациядан баштап технологиялык ажырымдын тобокелдиктерине чейинки азыркы замандын негизги чакырыктарын белгилегенин баса белгиледи. Бүгүнкү күндө алар дүйнөлүк коомчулуктан жамааттык, эң негизгиси системалуу жоопторду талап кылууда. БУУну реформалоого өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы чечимди да сунуштады – Коопсуздук Кеңешинин курамын кеңейтүү, ошондой эле орто державалардын ролун күчөтүү. Докладдын негизги идеясы – ишенимге, адилеттүүлүккө жана кызматташтыкка негизделген жаңы дүйнөлүк тартипти түзүү. Ерлан Карин Президент БУУнун трибунасынан Казакстандын эл аралык мамилелердин күчтүү жана жоопкерчиликтүү катышуучусу, дипломатиядагы, транзиттеги, энергетикадагы, технологиялардагы көпүрө өлкө катары позициясын так белгилегенин баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

