Мамлекет башчысы АЭКБнын башкаруучусун кабыл алды

Мамлекет башчысы АЭКБнын башкаруучусун кабыл алды

Астана эл аралык каржы борбору ишке киргенден бери өлкөгө 11 миллиард доллардан ашык инвестиция тартты. Анын ичинде 2023-жылы жана ушул жылдын алгачкы 3 айында 3,5 миллиард доллар тартылды. Мамлекет башчысына каржы борборунун башкаруучу мүдүрү Ренат Бектуров АЭКБнын ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Өткөн жылы борбордо катталган компаниялардын саны 670 ашкан. Бул рекорддук көрсөткүч. Учурда AЭКБда дүйнөнүн 78 өлкөсүнөн 2600дөн ашык компания катталган. Касым-Жомарт Токаев каржы борборун өнүктүрүү боюнча бир катар максаттарды койду. Тактап айтканда, аймак үчүн жашыл фонд тартуу жана Орто коридорду өнүктүрүү ишиндеги ролуна токтолду.

Ренат Бектуров, АЭКБнын башкаруучу мүдүрү:

- ДжиЭфСиАй рейтингине ылайык, биз Борбордук Азия жана Чыгыш Европа чөлкөмүндө «жашыл» каржылоо боюнча номер биринчи борборго айландык. Белгилей кетсек, жакында Казакстан өнүктүрүү банкы өзүнүн 100 миллиард теңге көлөмүндө алгачкы жашыл еврооблигацияларын сунуштады. Бул да биздин катышуубуз менен ишке ашты. Отчёт жыйынтыгы боюнча Президент Астана эл аралык каржы борборунун көч башчылыгын өнүктүрүү, каржы институттарынын санын көбөйтүү, борбордун эл аралык аренада лидерлик ролун арттыруу тапшырмасын берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков