Казакстанда мыйзам чыгаруу системасында ири жаңылануу башталууда

Казакстанда мыйзам чыгаруу системасында ири жаңылануу башталууда

Жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышы — Казакстандын саясий модернизациясынын негизги этабы болуп калды. Пленардык жыйында Мажилис төрагасы Ерлан Кошанов өткөн референдумдун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жарандардын жогорку активдүүлүгүн белгиледи. Парламенттин төмөнкү палатасынын спикеринин айтымында, документтин кеңири колдоого ээ болушу — коомдун Мамлекет башчысынын багытына болгон ишениминин жогорку деңгээлин көрсөтүп турат.

Ерлан Кошанов, Парламент мажилисинин төрагасы:

– «Биз күчтүү, адилеттүү жана прогрессивдүү Казакстанды куруу жолунда чечкиндүү кадам жасадык. Референдум коомчулуктун Президенттин айланасына бириккенин жана эл мурдагыдан да ынтымактуу болуп калганын көрсөттү. Жаңы Баш мыйзамга кеңири колдоо көрсөтүү — баарыбыз үчүн чоң сыймык. Буга аймактарга болгон сапарларыбызда өзүбүз күбө болдук. Коалициянын курамындагы депутаттар өлкөнүн бардык облустарын кыдырып, эмгек жамааттары менен жолугушту. Биз айыл-кыштактарда жана шаарларда тургундар менен ачык диалог жүргүздүк. Кесиптештерибиз жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгууга активдүү катышты. Бул үчүн бүтүндөй депутаттык корпуска чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

Ерлан Кошанов депутаттык корпустун алдында турган артыкчылыктуу милдеттерге токтолду. Кыска мөөнөттө кабыл алынган конституциялык өзгөртүүлөрдү укуктук жактан камсыз кылуу зарыл. Жакынкы аралыкта парламентке тиешелүү мыйзам долбоорлорунун топтомун киргизүү мерчемделүүдө.

Ерлан Кошанов, Парламент мажилисинин төрагасы:

– Биз беш жаңы конституциялык мыйзам кабыл алабыз: Президент жөнүндө, Курултай тууралуу, Элдик кеңеш боюнча, борбордун макамы жана өлкөнүн административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу. Мындан тышкары, 8 конституциялык мыйзамга жана 60тан ашык башка мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. Бул абдан жооптуу милдет. Андан сырткары, Президент бир катар кылмыш жана административдик укук бузуулар боюнча мунапыс берүү боюнча чечим кабыл алды. Сессиянын аягына чейин биз бул мыйзамды да кабыл алышыбыз керек. Ошентип, бизге, депутаттардын мойнуна чоң жоопкерчилик жүктөлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков