Өзбекстанда бир катар мамлекеттин өнөр жай дарамети тааныштырылды

Өзбекстанда бир катар мамлекеттин өнөр жай дарамети тааныштырылды

Курулуш, энергетика, автоунаа, фармацевтика жана маалымат технологиялары боюнча инновациялык чечимдер. Ташкентте «INNOPROM. Central Asia – 2025»  эл аралык көргөзмөсүндө бир катар өлкөлөрдүн өнөр жай дарамети тааныштырылды. Ал жерде жергиликтүү өндүрүштүк жайлар менен катар 50 чет элдик компания өз өнүмдөрүн тартуулады. Көргөзмөнүн коноктору Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын жана Беларустун Улуттук экспозициялары менен таанышышты. Масштабдуу иш-чара өз ара ишкер байланыштарды түзүүгө жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Катышуучулар пайдалуу кендерди иштетүүнүн жана чийки затты терең иштетүүнүн жаңы ыкмалары менен бөлүшүштү. Регионалдык интеграцияны илгерилетүүгө багытталган иш-чаранын алкагында агроөнөр жай комплекси жана заманбап чечимдер боюнча кызматташтык жолго коюлган.

Ерсайын Нагаспаев, Өнөр жай жана курулуш министри:

- Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы өнөр жай боюнча эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын белгилегим келет. Азыр өзбек тарап менен биргеликте 78 долбоорду ишке киргиздик. Бүгүнкү күндө алардын 12си жүзөгө ашырылып, ишке киргизилди. Биргелешкен долбоорлордун жалпы наркы болжол менен 3,3 миллиард долларды түзөт. Бул ири өндүрүштүк долбоорлор мамлекет башчылары Касым-Жомарт Токаевдин жана Шавкат Мирзиеевдин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 10 миллиард долларга чейин көбөйтүү боюнча тапшырмасын жакын арада аткарууга жардам берет деп ишенем.

Санжар Насимов, «TEXNOPARK» долбоорлоо жана кураштыруу бөлүмүнүн башчысы, Өзбекстан:

- Көргөзмөдө жылытуу жана муздатуу системалары менен гольфкарлар өндүрүшү, эмеректерди, ар кандай тиричилик техникаларын өндүрүү көрсөтүлдү. Биздин чет элдик өнөктөштөрүбүз Өзбекстанда өндүрүлгөн ушул жана башка өнүмдөргө чоң кызыгуу көрсөтүп жатканы кубандырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков