Казакстандыктардын көбү накталай эмес төлөмдөрдү тандоодо. Акыркы 5 жылда өлкөдө онлайн банкингди колдонуу 60 пайызга өстү. Ranking.kz порталынын талдоочуларынын айтымында, бул биринчи кезекте каржы технологияларынын өнүгүшүнө байланыштуу. Өлкөнүн рыногундагы компаниялар бардык иш жараяндарын жигердүү түрдө автоматташтырууда өнүмдөрдү жана кызматтарды онлайн режиминде жүргүзүп жатышат. Ошол эле учурда, банктын колдонуучулары үчүн акчаны чыгарбай, бонустарды жана атайын сунуштарды алуу менен онлайн-банкинг аркылуу коротуу да пайдалуу. Бүгүнкү күндө республиканын экономикалык жактан жигердүү ар бир жаранынын смартфонунда кеминде 4 онлайн кызмат бар.
Сергей Домнин, экономист:
- Интернет-банкинг колдонуучуларынын санынын өсүшү толугу менен логикалык тенденция болуп саналат. Бул бизде болгон бардык жараяндарды санариптештирүүнүн жалпы өсүшүнүн аркасында болуп жатат жана санариптештирүүнүн абдан маанилүү элементи, өзгөчө ар кандай чекене сектордо, мобилдик интернетти колдонгон адамдардын саны, анын ичинде кең тилкелүү жеткиликтүүлүк. Бул абдан маанилүү көрсөткүч, өткөн жылдын аягында бизде 17 миллионго жакын адам болгон. Логикалык жактан алганда бул шарттарда аталган жараяндар санариптештирилүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков