Ушул жылдын 5 ай ичинде Казахстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара соода жүгүртүү 10 миллиард долларга жеткен. Көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда, дээрлик 5 пайызга өскөн. Бул тууралуу Соода жана интеграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ошол эле учурда, алар берген маалыматта бирликке кирген өлкөлөргө сатуулар тескерисинче төмөндөгөн. Эгерде пайыздык маанисинде ала турган болсок, төмөндөө аз , ал эми акчалай маанисинде дээрлик 3 млрд. долларга барабар болгон. Сатуулардын түшүп кетүүсүн, темир кени жана кошулмалар, болоттун жалпак прокаты жана башка материалдарды берүүлөрдүн төмөндөшү менен байланыштуу. ЕАЭБ өлкөлөрүнө чийки эмес товарлардын экспорту болсо тескерисинче ишенимдүү өсүүдө - деп белгилешет эксперттер.
Алишер Өмирзак, Казакстандын соода жана интеграция министрлигинин расмий өкүлү:
- Казахстандын Евразия экономикалык бирлиги өлкөлөрү менен өтүп жаткан жылдын үчтүн айы-бугу айлары аралыгындагы чийки эмес товарлар менен өз ара соодасы 8 миллиард долларды түзгөн, ал өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчүнөн 6 пайызга жогору. Ошондой эле, экспорт 13 пайызга өскөн жана 2 миллиард долларды түзгөн. Экспорттун өсүшү оксиддер жана алюминь гидроксиддери, иштетилбеген цинк, уран сыяктуу жана башка товарларды берүүлөрдүн артышы менен негизделген.
Которгон: Нурлан Досалиев