Түркия Казакстандын беш ири соода өнөктөшүнүн бири. Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү тынымсыз өсүүдө. 2022-жылы өз ара сооданын көлөмү 66 пайызга өсүп, 3,5 миллиард долларга жеткен. Бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда жалпы суммасы 6 миллиард долларды түзгөн бир катар инвестициялык долбоорлор түзүлдү. Бул толук потенциал эмес. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев бир күн мурда белгилегендей, тараптар товар жүгүртүүнү 10 миллиард долларга жеткирүү ниетинде. Эки мамлекетти бекем экономикалык байланыштар гана бириктирбейт. Казакстан менен Түркия аймактык жана эл аралык платформаларда активдүү кызматташууну улантууда. Түрк дүйнөсүнүн интеграциясы боюнча маанилүү демилгелерди өнөктөш өлкөлөр да колдойт. Режеп Тайып Эрдогандын сапары кызматташтыктын кеңейишине түрткү болот дешет эксперттер.
Хусейн Багжи, Түрк тышкы саясат институтунун мүдүрү, профессор:
- Бул сапар эки тараптуу кызматташтыктын горизонтторун дагы да бекемдейт десек аша чаппайбыз. Токаевдин өлкөбүзгө жасаган иш сапарынын алкагында жылуу жана жакын мамилелерге күбө болдук. Казакстан менен Түркия бири-бирин колдогон боордош өлкөлөр. 30 жылдан бери биздин өз ара кызматташтыгыбыз ырааттуу өнүгүп келе жатат. Жаңы аймактык жана глобалдык өзгөрүүлөр боюнча пикир алмашуу, бирдиктүү позицияны калыптандыруу, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдаган жолугушуу болмокчу.
Мехмет Сейфеттин Эрол, Анкарадагы кризистик жана саясий изилдөө борборунун мүдүрү:
- Азиядагы кызматташтык жана ишеним чаралары кеңешинин жыйынынын алдында эки маанилүү маселе турат. Биринчиси кызматташуу, экинчиси ишеним. Келечекте Астана диалогдун жана тынчтыктын борбору катары тарыхта калат. Ушуга байланыштуу бул жолугушуунун убактысы маанилүү. Эксперттер платформа азыркы каатчылык учурунда конкреттүү натыйжаларга жетет деп ишенишет. Эки президенттин жолугушуусу бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн чоң мааниге ээ болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков