Астанада Эл аралык жасалма интеллект борбору ачылат

Астанада Эл аралык жасалма интеллект борбору ачылат

Астана Alem.AI Эл аралык жасалма интеллект борборун ишке киргизүүгө даярданууда. Ал жасалма интеллект экономикасын өнүктүрүүгө, изилдөөлөрдү колдоого, чечимдерди коммерциялаштырууга жана санарип тармагына инвестиция тартууга көмөктөшөт. Борбор EXPO шаарчасынын аймагындагы сегиз кабаттуу имаратка жайгашат. Анын ар бир кабаты жасалма интеллекттин өнүгүү этаптарынын бирин чагылдырат. Борбордо миңге чейин адам окуйт, окуу программасынын узактыгы – 18 ай. Студенттер окуунун алкагында 50гө чейин долбоорду ишке ашырып, 20дан ашык программалоо тилин өздөштүрө алышат.

Которгон: Назира Бегалиева