Өзбекстанда Казакстандык университеттин бөлүмү ачылат. Auezov University Шырчык шаарында 18 билим берүү программасы боюнча адистерди даярдайт. Тараптардын айтымында, филиалдын жайгашкан жери жөн жерден тандалган эмес. Себеби, ал коңшу өлкөдөгү өнөр жайы эң өнүккөн шаар. Жалпысынан облуста унаа жасоо, металл иштетүү жана химия өнөр жайы өнүккөн. Ошондуктан ата мекендик университет Өзбекстанда ушул багыттар боюнча билим берип, адистерди даярдайт. Ал эми Казакстандын өзүндө, Жетису облусунда Италиянын Марка политехникалык университетинин филиалы ачылат. Өлкөнүн Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, бул окуу жайда кош дипломдук билим берүү программасы ишке ашырылат. Мындан тышкары, тараптар биргелешкен илимий долбоорлорду түзүп, академиялык мобилдүүлүк боюнча окутуучу-профессорлорду жана студенттерди алмашат. Италиянын жогорку билим берүү мекемеси биомедицина, коомдук илим жана менеджмент тармактарында кадрларды даярдайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков