Булар Казакстандын аймагында 2021-жылы гана изилденген тарыхый объектилер. Алардын баары типологиялык жана хронологиялык жактан системалаштырылып, бир басылмага топтоштурулган. Республикада биринчи жолу «Казакстандагы археологиялык изилдөөлөр-2021» илимий жыйнагы жарык көрдү. Тарыхы терең китепте өлкөнүн ар кайсы аймактарында бир жылда жүргүзүлгөн казуу иштеринин жыйынтыгы, баалуу буюмдар жана ага байланыштуу илимий макалалар камтылган. Мындан тышкары, биринчи археологиялык изилдөө картасы түзүлгөн.
Айбар Касенали, Улуттук музей маданий мурастар илимий изилдөө институтунун башчысы:
- Бул жөн эле сан эмес, андан чыккан олуттуу маселелер бар. Мисалы табылган буюмдардан эмне табылды жана алар азыр кайда сакталууда? Ал борборлоштурулган маалыматтарды кайдан алабыз? Тилекке каршы, бизде андай маалымат жок. Бул ошол көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы кадамдарынын бири. Бул эстеликтерге Маданият министрлиги жооп берет. Аларга атайын долбоор катары сунуштап, муну жыл сайын чыгарып турууга, ал үчүн атайын маалымат баракчасын чыгарууну көздөп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков