Астанада дөбөт менен тайганды таанытууга салым кошкондор сыйланды

Астанада дөбөт менен тайганды таанытууга салым кошкондор сыйланды

Казактын тайганы менен дөбөтүн бүт дүйнөгө тааныткандар сыйланды. Астанада төрт буттуу жаныбарларды сактоого жана жайылтууга салым кошкон жарандарга Казакстандын президентинин атынан ыраазычылык кат тапшырылды. Алардын арасында Казакстан кинология биримдиги жетекчилигинин, Экология жана жаратылыш ресурстары жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү бар. Эске сала кетсек, жайдын аягында өлкө Эл аралык кинология федерациясына кабыл алынган. Асыл тукум иттер дүйнөдөгү эң абройлуу көргөзмөдө жогорку наамга ээ болушкан. Кинологдор союзу келерки жылы кумайык жана дөбөттүн казак ит породалары катары эл аралык деңгээлде расмий түрдө бекитилиши мүмкүн экендигин жарыялады.

 

Бауыржан Сериккали, Казакстан кинологдор биримдигинин президенти:

-Азыр казак ит породаларын таануу үчүн арыз берүүгө даярданып жатабыз. Арыз берүү үчүн документтерди даярдап, кийин Казакстанга атайын серепчилерди, атайын комиссиянын мүчөлөрүн чакырып, стандарттарды аныкташыбыз керек. Иттерди карап, керектүү материалдарды алып, жыйынтык чыгарышат. Мунун баарын келерки жылдын бугу айына пландаштырып жатабыз. Тайган менен дөбөт породаларын эл аралык деңгээлде жайылтып, аларга «чыныгы казактын ити» деген наам бергибиз келет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков.