Мугалимдерге ардак белгиси ыйгарылат

Мугалимдерге ардак белгиси ыйгарылат

Казакстанда “Мугалимдик кесипке берилгендиги үчүн” ардак белгиси ыйгарылат. Төш белги 25 жылдан ашык эмгек өтөөсү бар мугалимдерге жеке жетишкендиктери үчүн берилет. Бул тууралуу өлкөнүн Окуу-агартуу министрлиги билдирди.

«Биз тармакты шыктандыруу системасын бекитүү жөнүндө буйрукка өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрдүк. «Мугалимдикке берилгендиги үчүн» төш ​​белгиси мектепке чейинки, орто, техникалык жана кесиптик орто билимден кийинки, кошумча билим берүү уюмдарынын педагогдоруна ыйгарылат. Ошентип, өз ишине берилген, жаш муундарды тарбиялоодо, окутууда чоң салым кошуп жаткан мугалимдерди шыктандыргыбыз келет», – деди окуу-агартуу вице-министри Шолпан Каринова.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков