Өкмөттө жеткиликтүү шарты бар окуу жайларды ачуу маселеси
каралды. Анын алкагында 2024-2025-жылдары 740 миң окуучуга ылайыкташтырылган
жаңы үлгүдөгү 369 мектеп курулат. Мындай кадам менен толуп калган класстар,
авариялык мектептер жана үч нөөмөт менен окутуу көйгөйлөрү толук кандуу чечилет
деп күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө ар бир облус боюнча мектеп куруу боюнча тиешелүү
жол карталары даяр. Аларды эмерек жана технологиялык жабдуулар менен жабдуунун
нормативдери иштелип чыккан. Жаңы курулган жайлуу мектептер сапаттуу
интернет жана квалификациялуу мугалимдер менен камсыздалат. Ошону менен
бирге жакынкы жылдары 49 миң мугалимди жакшыртылган стандарттар боюнча
даярдоо пландалууда. Мындан тышкары, учурда заманбап билим берүү
борборлорунун мүдүрлөр корпусун түзүү иштери жүрүп жатат. Премьер-министр
Алихан Смаилов улуттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында подряддык уюмдарды
жана жер тилкелерин аныктоо, ошондой эле зарыл болгон долбоордук-сметалык
документтерди даярдоо боюнча иштерди тездетүү зарылдыгын белгиледи. Жалпысынан
жакынкы жылдарда бардык шарттары бар 1,5 миллион окуу жайын ачуу мерчемделүүдө.
Быйылкы жылы эле 130 миң балага ылайыкташкан 146 мектепти пайдаланууга берүү көздөлүп
жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков