«Казакстан калкына» фонду 3 жыл ичинде 186 млрд теңге кайрымдуулук жардамын көрсөттү. Бул тууралуу коомдук фонддун башкарма төрагасы билдирди. Болот Жамишевдин айтымында, фонд 100дөн ашык кайрымдуулук программаларын жана долбоорлорун демилгелеген. Учурда алардын 60тан ашыгы аткарылды. Аларды ишке ашырууга 240 миллиард теңге бөлүнгөн. Жалпысынан чогултулган каражаттар элеттик билим берүүнү, саламаттыкты сактоону, реабилитациялоону, социалдык колдоону, маданиятты, балдар жана инклюзивдик спортту өнүктүрүүгө жана өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүүгө көмөктөшүү менен калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Фонддун ишмердүүлүгү өлкөнүн ар бир аймагындагы айылдарды жана чакан шаарларды камтыйт.
Болат Жамишев, «Казакстан калкына» коомдук фонду башкарма төрагасы:
- Фонд кайрымдуулук долбоорлорунун ишке ашырылышын жана каражаттардын чыгымдалышын көзөмөлдөөнүн катуу механизмдерин киргизди. Бул колдоого муктаж болгондордун жыргалчылыгы үчүн ар бир теңгенин колдонулушун камсыз кылат. Ал жылдык тышкы аудит менен тастыкталып, үзгүлтүксүз ишке ашырылат. Ошондуктан, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча тышкы аудит жүргүзүлөт. Казакстан калкына сайтында биздин фондго келип түшкөн ар бир тыйын менен чыгым боюнча биз түзгөн бардык келишимдер жана колдонуудагы программалар тууралуу маалымат жайгаштырылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

