Инженер, жеке ишкер Александр Бурлаков өзү ойлоп чыгарган аппарат менен атайын эко өнүмдөрдү жасап чыгарат. Өндүрүш борборду кызы менен бирге ачкан Костанай шаарынын тургуну жалаң табигый чийки заттан, тактап айтканда, сапаттуу калың кагаздан жана экологиялык жактан таза ошондой эле, коопсуз тамак-аш желиминен таза баштыктарды даярдайт. Өндүрүлгөн крафт баштыктар кайра иштетүүгө жарамдуу. Александр алгач эко өнүмдөрдү жасоочу аппаратты кураштырууга бир жылдан ашык убакыт короткон. Азыр бул жерден күнүнө 3 миңге чейин таңгак чыгарылат. Ушул тапта цехте 100 миңден ашык басылып чыкты. Келечекте ишкер ар кандай оймо-чиймелерди чийип, кооздоо менен алектенген аппарат орнотууну көздөп жатат. Белгилей кетсек, учурда ишкерлер экологиялык жактан таза жана коопсуз баштыктардын рыногун түзүүдө.
Александр Бурлаков, компания инженери:
- Казакстанда полиэтиленге тыюу салуу жана аны табигый таза материалдар менен алмаштыруу үчүн экологиялык талаптар киргизилет деген маалымат пайда болду. Менде ушундай аппарат жасоого буюртма бар болчу. Бирок бул өтө татаал иш болгондуктан аягына чыгара албадым. Ошол учурда кызым кадимки баштык жасайлы деп сунуштады. Биз буга макул болуп, экологиялык баштыктарды чыгаруу менен алектене баштадык.
Елена Рагоняева, ишкана жетекчиси:
- Тыгыздыгы боюнча артыкчылыгы 50 грамм. Баштыктар 2 кг алма жана 2 кг шекерди көтөрө алат. Аларды кол менен чаптагандыктан түбү бекем. Капталдары тигүүчү машина менен чапталат. Алдыдагы убакытта баштыктардын өлчөмүн да өзгөрткүбүз келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков