Өзбекстанда алгачкы түрк чаңгы тебүү кубогу өттү

Өзбекстанда алгачкы түрк чаңгы тебүү кубогу өттү

Өзбекстанда өткөн түрк чаңгы тебүү кубогунда казакстандыктар 1- жана 2-орундарды ээлешти. Белгилей кетсек, дал ушул спорттук мелдеште эркектер менен аялдар алгач өз жөндөмдөрүн сынашты. Мелдешке Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдөн 50дөн ашык спортчу катышты. Уюштуруучулар эми анын жыл сайын салтка айланып, аймактын кышкы спорттун дүйнөлүк деңгээлинде кадыр-баркын көтөрөт деп үмүттөнүшөт. Биринчи чаңгы кубогу Казакстандын Шымбулак, өзбек өлкөсү Амирсой, Азербайжандагы Шахдаг жана Түркиянын Улудаг, муну менен катар Түрк тоо чаңгы курорттору биримдиги менен биргеликте уюштурулду. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков