Париж
Олимпиадасында Казакстандын куржунуна мушкер Назым Кызайбай бешинчи
медалды кошту. Ал жайкы оюндардын коло медалынын ээси болду.
Абай Кызайбай, Назым Кызайбайдын атасы:
- Биз негизи алтын болобу деп ойлоп жаттык. Болгон жок.
Кытайлык мушкер да мыкты. Кыздардын ичинен биринчи коло алып жаткан Назым болушу
керек.
Камшаи Ахет кызы, Назым Кызайбайдын апасы:
- Апа, Олимпиадага баруу менин кыялым, бир барсам кыялым
орундалар эле деп айтчу. Мына олимпиадага да барды. Коло медалдын ээси болду. Буга да кубанычтабыз.
Ал
эми Нурбек Оралбай алтын үчүн күч сынашат. Ал
бокс боюнча эркектер арасында финалда улуттук кураманын намысын коргойт.
Спортчу рингге украиналык булгаары мээлей чебери менен чыгат. Ал эми Демеу
Жадраев грек-рим күрөшү боюнча финалга чыкты. Ал жапон балбаны менен «алтын»
үчүн күрөшөт. Белгилей кетсек, кечээ казакстандыктар спорттун беш түрү боюнча
чыгышкан. Амир Маймуратов аскага чыгуу боюнча олимпиадалык рекордду жаңыртып,
мелдештин чейрек финалына чыкты.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков