Казакстан менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү
биргелешип коргойт. Анын алкагында эки тарап экологиялык багыттагы биргелешкен
билим берүү институттарын түзүү жана тийиштүү кадрларды даярдоону мерчемдеп
жатат. Мажилис депутаттары экология тармагындагы кызматташтык тууралуу келишимди
ратификациялоого багытталган мыйзам долбоорун кабыл алды. Депутат Едил Жанбыршиндин
айтымында, мамлекеттер айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү өзгөчө кырдаалдардын
алдын алуу үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алууну колго алган. Бул жаатта эки
мамлекет атайын комиссия түзөт. Жалпысынан коңшу мамлекеттер бир катар маанилүү
багыттар боюнча иш алып барат.
Едил Жанбыршин, Парламент
Мажилисинин Депутаты:
- Кызматташуу төмөнкүдөй негизги багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:
атмосфералык аба менен суунун булганышын алдын алуу жана көзөмөлдөө; катуу
тиричилик калдыктарын жана таштандыларды башкаруу; биологиялык ар түрдүүлүктү
сактоо; Арал бассейниндеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча биргелешкен иш-чараларды
иштеп чыгуу жана келишимде айлана-чөйрөнү коргоого байланышкан башка да
багыттар каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков