Астанада өткөн Digital Bridge эл
аралык форумунун алкагында 30дан ашык өз ара аракеттенүү меморандумуна кол
коюлду. Борбордук Азиядагы эң ири технологиялык аянтча инвесторлорду, серепчилерди,
стартаперлерди жана IT-компаниялардын өкүлдөрүн камтыган отуздан ашык өлкөдөн
30 миңден ашуун катышуучуну бириктирди. Форумдун пленардык жыйынында
премьер-министр Олжас Бектенов Казакстан өкмөтү стратегиялык маанилүү
долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөгө ачык экенин баса белгиледи.
Ал санариптештирүү жана жасалма интеллектти киргизүү өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу
багыты болуп саналат, муну мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев аныктаган деп
белгиледи.
Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-министри:
- Учурда санариптик
инфраструктура кеңейип, билим берүү борборлору ачылып, 20 жогорку окуу жайында
жасалма интеллект боюнча программалар иштеп жатат. 500 миңге жакын жаран AI
Qyzmet, AI Sana, Tomorrow School жана QazCoders программалары боюнча жасалма
интеллекттин негиздерин үйрөнүүдө. Ошондой эле институционалдык ишке өзгөчө
көңүл бурулууда. Казакстан «электрондук
өкмөттүн» өнүгүүсү
боюнча дүйнөдө 24-орунда, ал эми онлайн кызматтар боюнча 10-орунда турат.
Форумдун алкагында Digital Bridge
Awards сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Өлкөнүн премьер-министри
мыкты ата мекендик IT-долбоорлорго жана санариптик демилгелерге сыйлыктарды
тапшырып, ата мекендик компаниялар жана стартаптар тарабынан сунушталган
санариптик чечимдердин көргөзмөсү менен таанышты.
Нурасыл Жарбасов, Иштеп
чыгаруучу:
- Казакстанда өндүрүлгөн биздин
датчиктер мунай бургулоочуларынын ишин оптималдаштырууга, алардын ишин
эффективдүү жана жемиштүү кылууга мүмкүндүк берет. Бул VANGUARD-AI системасы,
анын бардык микропроцессорлору жабдууларга оңой орнотулат жана тажрыйбада колдонулууда.
Бул технология кеңири колдонулган АКШдагы эки компания менен келишим түзгөнүбүз
менен сыймыктанабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

