Казакстан жеке маалыматтарды коргоо боюнча КМШ мамлекеттери арасында лидер

Казакстан жеке маалыматтарды коргоо боюнча КМШ мамлекеттери арасында лидер

Казакстан дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн ичинен телеком-инфраструктура боюнча 42-орунду ээледи. Ошондой эле, БУУнун маалыматы боюнча, республика калкынын 93% интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кошумчалай кетсек, кибер коопсуздук боюнча Казакстан жеке маалыматтарды коргоо жаатында БУУнун рейтингинде 1-орунда турат жана КМШ өлкөлөрүнүн арасында лидер. Мындан тышкары, акыркы 10 жылда электрондук форматтагы мамлекеттик кызматтардын саны эки эседен ашык көбөйдү. 2024-жылдын биринчи жарымында 33 миллион кызмат көрсөтүлдү. Казакстандын санариптик өнүгүүлөрү GovTechде эл аралык деңгээлде таанылганын да белгилей кетүү керек.  Эки жылдын ичинде Тажикстанга жана Африка өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү бир миллиард теңгеден ашты. Республика чет өлкөгө Smart Data Ukimet, Smart Bridge жана GOV.KZ сыяктуу IT компоненттерин экспорттойт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков