Касым-Жомарт Токаев Түштүк Кореянын президентинин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарын тарыхый окуя деп атады. Бүгүн Акордада мамлекет башчы менен Юн Сок Ёл чакан жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине көтөрүү ниетин ырасташты. Учурда Корея менен өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү 6 миллиард долларга жетти. Күн Чыгыш өлкөсү Казакстандын беш ири инвесторунун биринин категориясына кирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
-Өткөн жылга чейин аталган мамлекеттен келген инвестициянын көлөмү 9,6 миллиард
долларга жетти.
Бул көрсөткүчтү жогорулатууга эки тарап тең кызыкдар. Казакстанда кореялык
капиталдын катышуусунда 700дөн ашык компания иштейт. Мисалы, Samsung, Hyundai,
Kia, Lotte, Doosan, Posco сыяктуу алп корпорацияларды айтсак болот. Алар республикада ийгиликтуу иштеп
жатат. Биз президент Юн Сок Ёл мырза менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого
макулдаштык. Тактап айтканда, инфраструктура,
өндүрүш, каржы, энергетика, экология, автоунаа жана аэрокосмостук өнөр
жай, IT, санариптештирүү жана башка тармактарга артыкчылык бердик.
Сүйлөшүүлөрдүн
жүрүшүндө сейрек кездешүүчү металлдарды биргелешип изилдөө жана өндүрүү
маселеси да талкууланды. Касым-Жомарт Токаев Казакстандын рыногуна кирүүнү
каалаган кореялык компанияларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экенин
белгиледи. Анын айтымында, муну
ишке ашыруунун конкреттүү жолдору бар. Өкмөттөр аралык комиссия, ишкерлер кеңеши менен бизнес-коомчулуктун
ортосунда жумушчу топ түзүлдү. Бул түзүмдөр эки тараптуу экономикалык
байланыштарды чыңдоого чоң салым кошот.
Юн Сок Ёл, Корея Республикасынын президенти:
-Казакстандын президенти менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө
эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелери орногондон бери тез өнүгүп келе жаткан
кызматташуу маселелерин кеңири талкууладык. Ошол эле учурда биз Казакстан менен
Кореянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу
боюнча макулдаштык. Бүгүнкү иш сапардын алкагында биз электр энергиясы,
маанилүү минералдарды жеткирүү жаатында бир катар макулдашууларга жетиштик.
Тараптар
илим жана билим берүү тармагында да кызматташтыкты өнүктүрүшөт. Маселен, Түркестанда Кореянын Усонг университетинин
филиалын ачуу пландалууда. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалпысынан 11 документке
кол коюлду. Мындан тышкары, тараптар Борбор Азия бештиги менен Кореянын
ортосундагы диалогду мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашышты. Ошондой эле, Казакстан Корея Республикасынын «K-Silk
Road» концепциясын жана корей тараптын мындай форматтагы биринчи саммитти
келерки жылы Сеулда өткөрүү сунушун колдойт.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков