Казакстан Президентинин «Turkistan» гезитине берген маеги
коомчулукта кеңири резонанс жаратты. Серепчилер, Касым-Жомарт Токаев ички жана
тышкы саясий маанилүү окуяларга баа берип, 2025-жылдын жыйынтыгын чыгаргандыгын
айтышты. Президент белгилегендей, реформалардын кайтарылгыс болуп калышы башкы
нерсе болду. Өлкө модернизация жолунда чоң кадам таштады. Касым-Жомарт
Токаевдин айтымында, коомдо масштабдуу өзгөрүүлөрдүн келечек муундардын
бакубаттуулугу үчүн өзгөчө маанилүү деген түшүнүк бекемделди. Өнүгүүдө санариптештирүү
жана жасалма интеллект маанилүү роль ойнойт. Казакстан санариптик державага
айланышы керек - бул өлкөнүн жаңы технологиялык доордо четте калбоо маселеси. Дүйнөдө технологиялык алптар
аныкталып калганына карабастан, Казакстанда дагы жакшы старттык мүмкүнчүлүктөр
бар. Адистер – жогорку технологиялуу
келечекке өз убагында ыңгайлашуу маанилүү экенин айтышууда.
Нурмахан Закарин, Astana Hub катышуучуларынын колдоо
кеңсесинин мүдүрү:
- Учурда санариптештирүүгө жана жасалма интеллектке басым
жасоо мамлекетибизге практикалык натыйжалардын эсебинен эл аралык позициясын
күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү же
кандайдыр бир майда иш-чаралар жөнүндө гана эмес, жасалма интеллектти өнөр
жайга, каржыга, саясатка жана башкага киргизүү жөнүндө болуп жатат. Бардык
чаралар узак мөөнөттүү жана ырааттуу иштин бир бөлүгү экенин баса белгилөө
маанилүү. Бул бир күндүк сандар эмес. Түзүлгөн укуктук инфраструктура жана кадрдык
чечимдер туруктуу өнүгүүнү жана санариптик өнүгүүнүн негизин түзөт. Учурда биздин кейстер, эл аралык рынокто жакшы
жагынан көрүнүп жаткан стартаптарыбыз чет элдиктердин өлкөбүзгө болгон
инвестициялык тартымдуулугун күчөтүүдө.
Казакстандын
президенти Касым-Жомарт Токаев интервьюсунда эл аралык каржы институттарынын
жана рейтинг агенттиктеринин баалоосу боюнча мамлекет ийгиликтүү деп
белгиленгенине карабастан, экономиканын ичинде тез арада оңдоону талап кылган
диспропорциялар сакталып жатканын белгиледи.
Марат Каирленов экономика илимдеринин кандидаты,
Консалтинг компаниясынын мүдүрү:
- Эгер буга чейин Казакстан чийки зат секторунун эсебинен
кыйла активдүү өнүгүп келсе, анда бул жерде кошумча наркы жогору, илимге
негизделген, технологиялык тармактар керек. Ага жараша, бул жерде институттардын ролу, менчик укугун
коргоо маанилүү. Инвесторлор жана жарандар бул өлкөгө инвестиция салууга
болоорун билиши үчүн адилет сот керек. Эгерде талаш-тартыштар келип чыкса, анда
мыйзам жана адилеттүүлүк боюнча бардыгы каралат, адилет сот бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

