Өзбекстан менен 3 млрд долларлык долбоор ишке ашат

Өзбекстан менен 3 млрд долларлык долбоор ишке ашат

Казакстан менен Өзбекстан өнөр жай кооперация программасы алкагында 60 долбоорду ишке ашырат. Алардын жалпы наркы 3 миллиард долларга бааланууда. Мындан тышкары, кошумча 43 долбоорду ишке киргизүү маселеси да көтөрүлүүдө. Эки тараптуу соода дараметин жогорулатууда «Борбордук Азия» Эл аралык өнөр жай кооперация борбору өзгөчө мааниге ээ. Ошондой эле, Казакстан менен Өзбекстан биргелешип жалпы аймактын транспорттук-транзиттик дараметин жакшыртууну көздөп жатат. Өлкө коңшу мамлекетке 255 товардын түрү боюнча экспорттун көлөмүн 500 миллион долларга көбөйтүүгө даяр. Белгилей кетсек, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 4,5 миллиард долларга жеткен. Эки өлкөнүн өкмөттөрү айыл чарба, суу-энергетика, транспорт жана транзит тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн инвестициялык жана өнөр жай долбоорлорунун үстүндө иштөөнү мерчемдөөдө. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков