Казакстандын
президенти Азия өнүктүрүү банкынын башчысы Масато Канданы кабыл алды.
Касым-Жомарт Токаев 30 жылдан ашык кызматташтыктын ичинде Азия өнүктүрүү банкы өлкөдө
инфраструктураны модернизациялоо жана экономиканы бекемдөө жаатында 7 миллиард
доллардан ашык суммага 170тен ашык долбоорду колдогонун баса белгиледи.
Мамлекет башчысы алдыдагы жылдары Казакстанда экономиканын негизги
секторлорунда бир катар ири долбоорлор ишке ашырыла турганын белгиледи. Ал эми
Масато Канда Азия өнүктүрүү банкы Казакстан менен кызматташтыкты кеңейтүүнү
ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыты деп эсептей турганын билдирди. Банк турак
жай куруу, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана башка стратегиялык маанилүү
тармактардагы долбоорлорду каржылоого катышууну көздөөдө. Азия өнүктүрүү
банкынын президенти ошондой эле Казакстандын санариптик технологиялар
жаатындагы жетишкендиктерин жана критикалык маанилүү минералдарды иштеп
чыгуудагы дараметин белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

