Кытайда Казакстандын маданий борбору ачылат

Казакстан менен Кытайдын маданий байланыштары чыңдалат. Тараптар Астана менен Бээжинде өз ара маданий борборлорду ачууну макулдашты. Мажилис тиешелүү келишимди кабыл алды. Бүгүнкү күндө Казакстан тарап КЭРнын борборунда 700 чарчы метр имаратты карап чыкты. Анын аймагында ата мекендик тасмалар менен концерттик көрсөтүүлөргө арналган универсалдуу зал, билим берүү курстары, ар кандай чыгармачылык жолугушууларды өткөрүүчү заманбап коворкинг борбору жайгашат. Ошондой эле, улуттук көргөзмөлөр үчүн экспозициялык мультимедиялык аянтча түзүлөт. Мындан тышкары, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн атайын бурч ачылат.

Аида Балаева, маданият жана маалымат министри:

– Казакстандын Кытайдагы маданий борбору тарыхыбызда биринчи жолу улуттук баалуулуктарды КЭРда кеңири жайылтуу, эки өлкөнүн руханий байланыштарын жаңы деңгээлге көтөрүүнүн, өз ара эл аралык маданий-гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруунун  ири борборуна айландыруу көздөлүп жатат. Азыркы учурда биздин министрлик тарабынан бул борбордун концепциясы түзүлүп, анын мазмуну айкындалды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков