Казакстанда
геологиялык фонддорду санариптештирүү жана жер казынасын талдоо үчүн жасалма
интеллектти киргизүү боюнча долбоор ишке ашырылууда. Ошентип, ресурстардын интерактивдүү
кадастры түзүлүп, ага маалымат базалары жүктөлүп бүттү. Бул 4 жарым миллиондон
ашык карталар жана отчеттор. Система кен чыккан жерлерди издөөгө жана
маалыматтарды Жер казынасын пайдалануучулардын бирдиктүү платформасы менен
салыштырууга арналган. Жасалма интеллект геологиялык чалгындоодо алдын ала
аналитиканын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бирок, акыркы чечимдер
адистердин колунда калат. Мындан тышкары, Казакстанда интерактивдүү геологиялык
картанын жана геологдун жеке кабинетинин прототиптери иштелип чыкты. Адистер
бардык топтолгон маалыматтарды бирдиктүү системада изилдеп, аларды иш жүзүндө
колдоно алышат.
Жаннат Дубирова, Казакстан Республикасынын Өнөр жай
жана курулуш вице-министри:
– Өлкөдө көп жылдар бою материалдардын чоң көлөмү топтолгон. Бул
геологиялык отчеттор, карталар, архивдик документтер, ар кандай алып
жүрүүчүлөрдөгү маалыматтар. Маселе, бул маалыматтын олуттуу бөлүгү көп убакыт
бою архивдик түрдө гана сакталып, анализ үчүн толук кандуу колдонулган эмес.
Ошондуктан азыр масштабдуу санариптештирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө
тарыхый геологиялык маалыматтардын 97,5% сканерден өткөрүлдү. Бул болжол менен
4,7 миллион барак материал.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

