Өзбекстан Казакстанга 100 тонна гуманитардык жүк жөнөттү.
Суу ташкынынан жабыркаган аймактарга 15 жүк ташуучу унаа менен азык-түлүк,
аялдардын, балдардын жана эркектердин сырткы кийимдери,
төшөнчүлөр, гигиеналык каражаттар, атайын жабдыктары бар чатырлар, резина кайыктар жана башка керектүү товарлар жеткирилди. Өзбекстандын ЖМКларынын
маалыматында, кербен президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен өлкөгө
жөнөтүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков