Астанадагы Борбордук шайлоо комиссиясында Курултай
депутаттарын шайлоого даярдык талкууланды. Ал Казакстанда баш оона айынын 23нө
белгиленген. Шайлоо өнөктүгүнүн негизги күндөрү, ошондой эле шайлоочулардын
жана шайлоо тилкелеринин саны боюнча маалыматтар бекитилди. Партиялык тизмелерди
көрсөтүү башталды. Аларды каттоо теке айынын 23дө саат 18:00дө аяктайт. Ошол
эле күндөн баштап, баш оона айынын 22сине караган түн ортосуна чейин шайлоо
алдындагы үгүт иштери өтөт. Добуш берүүгө бир күн калганда өлкөдө «жымжырттык
күнү» болот. Шайлоого болжол менен 12
миллион 600 миң казакстандык катыша алат деп күтүлүүдө. Өлкө боюнча 10 миң 427
шайлоо участкасы ачылат, алардын 82си – дүйнөнүн 64 өлкөсүндө. Добуш берүү күнү
ишти 70 миңден ашуун шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү камсыз кылат. Мындан
тышкары, БШК баш оона айынын 2не чейин акимчиликтер участкалык комиссияларга
шайлоочулардын тизмесин өткөрүп бериши керектигин эске салат. Казакстандыктарды
туруктуу каттоо жери боюнча маалыматтарды текшерип, добуш берүүгө катышууга
чакырышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

