Казакстан менен Израиль президенттери ALEM.AI эл аралык жасалма интеллект борборуна барышты

Казакстан менен Израиль президенттери ALEM.AI эл аралык жасалма интеллект борборуна барышты

Казакстан менен Израилдин президенттери Alem Ai эл аралык жасалма интеллект борборуна барышты. Касым-Жомарт Токаев менен Ицхак Герцогго өлкөнүн санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын өнөр жайга, экономикага жана социалдык чөйрөгө киргизүү боюнча негизги жетишкендиктери тааныштырылды. Тактап айтканда, мамлекет башчыларына жаңы муундагы интеллектуалдык шаардык инфраструктураны түзүү боюнча Astana Smart City долбоору көрсөтүлдү. Белгилей кетсек, Alem Ai технологияларды өнүктүрүүнүн толук циклин түзөт: эрте аныктоодон жана колдоодон баштап жасалма интеллект чечимдерин глобалдык масштабдаштырууга чейин.

Которгон: Илгиз Жамалбеков