Мамлекет
башчысы Рим папасы Францисктин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты.
Касым-Жомарт Токаев бул кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи.
Президент Понтифик гуманизм, адилеттүүлүк жана боорукердик идеалдарын жайылткан
көрүнүктүү руханий лидер болгонун баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев өзүнүн
социалдык тармактагы Х баракчасына Папа менен болгон жолугушууларын жана анын
2022-жылы Казакстанга болгон тарыхый апостолдук сапарын жылуу маанайда
эскергенин жазды.
Рим папасы Франциск тынчтыктын жарчысы,
диндер аралык диалогдун жана ынтымактын жактоочусу катары жүрөгүбүздө түбөлүккө
калат, деп белгиледи Президент.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

