Аралдын тагдыры Казакстан менен Өзбекстандын регионалдык экологиялык күн тартибинин негизги элементи бойдон калууда. Бул тууралуу окумуштуулар Шымкенттеги жолугушууда айтышты. Изилдөөчүлөр суу сактагычтын абалы бүгүнкү күндөгү эң масштабдуу экологиялык көйгөйлөрдүн бирин жана аларды мамлекеттик деңгээлде чечүү зарылдыгын айгинелеп турат деген пикирде. Бул маселелер эки өлкөнүн Конституциясында да чагылдырылган. Казакстандын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча системалык мамилеге басым жасоо менен так аныкталган экологиялык күн тартиби бар. Өзбекстандын негизги мыйзамында Аралды калыбына келтирүү маселелерине арналган статья өзүнчө бекитилген.
Аманлык Гулимов, Юридика илимдеринин Доктору, Профессор/Өзбекстан:
– Жалпысынан алганда, эки өлкөнүн конституцияларында бул экологиялык укуктар болжол менен бирдей жазылган. Албетте, ар кандай форматта, бирок, негизинен, алар бирдей деп айтууга болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

