Касым-Жомарт Токаев иш сапары менен Өзбекстанга келди. Үргениш аэропортунан мамлекет башчыны президент Шавкат Мирзиёев өзү тосуп алды.
Андан соң Хивада мамлекет башчылары Өзбекстандын жеңил өнөр жайынын үлгүлүү ишканаларынын бири болуп саналган килем токуу фабрикасында болушту. Фабрика килемдери ички рынокко сатылат, ошондой эле, КМШ өлкөлөрүнө, Кытайга жана АКШга экспортко чыгарылат. Президенттер атайын жабдуулар, электротехникалык жабдуулардын үлгүлөрү, багбанчылыктын селекциялык жетишкендиктери, текстиль, химия, тамак-аш, фармацевтика өнөр жайынын өнүмдөрү коюлган Өзбекстандын өнөр жай товарларынын көргөзмөсүнө барышты. Тараптар чек арага жакын аймактарда экспортко багытталган ишканалардын кластерин түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Бейформал жолугушууда
мамлекет башчылары казак-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын
чыңдоо маселелерин талкуулашты. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүүнүн
көлөмү болжол менен 4,5 миллиард долларды түздү. Бүгүнкү күндө инвестициянын
көлөмү 2,5 миллиард АКШ долларынан ашкан 60 биргелешкен долбоор бар. Өнөр жай,
энергетика, транспорт жана логистика, айыл чарба тармактарында биргелешкен
долбоорлор ишке ашырылууда. Эл аралык өнөр жай кооперация борборун куруу
долбоору да ийгиликтүү жүрүп жатат. Касым-Жомарт Токаев казак-өзбек тандеми
турмуштук зарылчылыктан келип чыкканын, биргелешкен аракет менен гана
өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга болорун белгиледи. Буга
байланыштуу президент тараптар ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана
союздаштыктын 2034-жылга чейинки программасын кабыл алуу демилгесин колдоду.