Мамлекет башчысы
Касым-Жомарт Токаев «Казакстан – академиялык билим берүү аймагы» стратегиялык
өнөктөштөрүнүн эл аралык форумуна катышты. Жыйынга чет элдик өнөктөш окуу
жайлардын жетекчилери, эл аралык аккредиттөө жана рейтинг агенттиктеринин,
ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чогулду. Президент өз сөзүндө
билим берүү жана илимди чек ара тандабаган, бардык өлкөлөргө орток стратегиялык
мааниси өзгөчө тармак катары атады. Ал бул жыйын мунун айкын далили экенине
көңүл бурду. Буга байланыштуу Касым-Жомарт Токаев Казакстан аталган тармакты
өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип жатканын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- 2019-жылдан бери бул
тармакка бөлүнүүчү каражат үч эсеге көбөйдү. Өлкөбүздө жогорку окуу жайларынын
өз алдынчалыгы артып, изилдөө университеттери көбөйүүдө. «Илим жана
технологиялык саясат жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынды. Президенттин алдында
Илим жана технологиялар боюнча улуттук кеңеш түзүлдү. Мамлекет окумуштууларга,
өзгөчө жаш изилдөөчүлөргө мүмкүн болушунча колдоо көрсөтүүдө.
Өлкөдө өсүп келе
жаткан муунга да мамлекет тарабынан камкордук көрүлүүдө. Былтыртан бери «Улуттук
фонд – балдарга» программасы ишке ашырылууда. Ал эми быйылдан баштап «Келечек»
бирдиктүү топтоо системасы ишке киргизилди. Ошондой эле Жогорку билим берүү
тармагынын инфраструктурасы жаңыланып, жаңы окуу имараттары курулууда. Буга
байланыштуу мамлекет башчысы өлкөдөгү окуу жайларынын беделдүү эл аралык
рейтингдердеги көрсөткүчү жакшырып келе жатканын айтты. Мисалы, 5 ата мекендик
университет Times Higher Education басылмасы сунуштаган дүйнөдөгү мыкты окуу
жайларынын тизмесине кошулду. Мындан тышкары Президент Казакстанды толук кандуу
санариптик мамлекет катары өнүктүрүү максаттары турганын билдирди. Бул жаатта
жасалма интеллектти өнүктүрүп, аны башка тармактар менен интеграциялоо эң
жогорку стратегиялык артыкчылык болуп саналат.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- Жасалма интеллект
боюнча серепчилерди жана адистерди даярдоого өзгөчө маани берип жатабыз. Ушул
максатта жыл башынан бери AI Sana программасын ишке киргиздик. 540 миңден ашуун
студент окуу курсунан өттү. Мындан тышкары, жасалма интеллект бардык
мектептерге жана университеттерге милдеттүү курс катары киргизилди. Өлкөбүздө
Жасалма интеллект университетин ачуу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп жатат.
Казакстан дүйнөлүк билим берүү рыногунун бир бөлүгү
болууну көздөйт. Учурда өлкөдө 31 миңден ашуун чет элдик студент билим алат.
Бул рекорддук көрсөткүч. 2029-жылга чейин аталган көрсөткүчтү 100 миңге
жеткирүү максаты коюлган. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 40 алдыңкы университети менен
өнөктөштүк түзүлүп, өлкө аймагында чет элдик жогорку окуу жайларынын 33 филиалы
ачылды.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- Чет өлкөлүк
университеттердин филиалын ачуу инженердик жана IT билимди өнүктүрүү
максатыбызга толук ылайык келет. Казакстанда колдонуудагы инженериянын
уникалдуу институту саналган үч Лу Бань устаканасы ачылды. Биз үчүн ядролук
энергетика тармагына адис даярдоо да өзгөчө мааниге ээ.
Жолугушуунун соңунда
Касым-Жомарт Токаев алдыда да билим менен илимге таянып, Адилеттүү, Таза,
Коопсуз жана Күчтүү Казакстанды куруу ишин уланта берерин белгиледи.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

