Атырауда суу ташкыны коркунучу сакталууда

Атырауда суу ташкыны коркунучу сакталууда

Казакстанда суу каптоо коркунучу артта калды. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри ыкчам кеңешмеде билдирди. Бирок Атырау облусунда суу ташкыны коркунучу сакталып турганын Олжас Бектенов белгиледи. Жайык дарыясынын суусунун деңгээли күндөн күнгө көтөрүлүп, кооптуу деңгээлге чейин бир гана метр калды. "Жакынкы күндөрү" чегине жетет деп күтүлүүдө. Өкмөт башчысы тиешелүү жетекчилерге Батыш Казакстан облусундагыдай, аймакты жакындап келе жаткан суу каптоодон мүмкүн болушунча коргоону тапшырды. Ал жерде суу ташкынына каршы ири профилактикалык иш-чаралар жана тартылган күчтөр кырдаалдан жеңил өтүүгө мүмкүндүк берди. Бүгүнкү күндө Атырау облусунда 13 миңден ашык адам жана 1200дөн ашык техника авариялык-куткаруу иштерине катышууда. 500 чакырым дамба курулду, анын жарымы Атыраудагы конуштарды бойлой жайгашкан. Дарыянын жээгинде чоң көлөмдөгү суунун тез өтүшүнө мүмкүндүк бере турган тереңдетүү иштери уланууда. Премьер-министр суунун деңгээлине саат сайын мониторинг жүргүзүүнү жана коргоочу дамбалардын узундугун көбөйтүүнү тапшырды.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

– Биргелешкен иш-аракеттердин аркасында Батыш Казакстан облусунда 84 калктуу конуш суу каптоодон алдын алынды. Дамбалар тургузулуп, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 2 миңден ашык аскер кызматкери жана 2 миң даана техника алып келинди. Жалпысынан 11 миңден ашык адам тартылган. Мунун баары оң натыйжаларды берди. Эми Атырау облусунда суу ташкынын алдын алуу зарыл.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Батыш Казакстан облусунда 1600дөн ашык үй-бүлө бир жолку төлөм алса, 8 миңге жакыны келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча арыз менен кайрылган. Ошондой эле, миңден ашык үйдүн абалына баа берүү жүргүзүлдү. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков