Сенат төрагасы көчмөндөр оюндарына катышып жаткан спортчулар менен жолугушту

Сенат төрагасы көчмөндөр оюндарына катышып жаткан спортчулар менен жолугушту

Сенаттын төрагасы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып жаткан казакстандык спортчулар менен жолугушту. Маулен Ашимбаев жамбы атуу мелдешинин финалдык этабына чыккан мекендештерге колдоо көрсөттү. Өз сөзүндө палатанын спикери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук спортту жана тарыхый мурасты жайылтууда өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи. Маулен Ашимбаев Казак өлкөсүндө өтүп жаткан оюндардын уюштуруу деңгээли, катышуучу өлкөлөрдүн саны жана мелдештин алкагындагы маданий программалардын масштабы боюнча уникалдуу экендигине токтолду. Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 2800 өлкөдөн 89 спортчу катышууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков