Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары этно-спорттун түрлөрү боюнча эң ири эл аралык иш-чарага айланды. Түрк элдерине мүнөздүү болгон салттуу таймашта бүткүл дүйнө көз салып гана койбостон, өздөрү да катышууга кызыкдар. Муну быйылкы оюндар далилдеп турат. Астанага дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнөн 2 миңден ашуун спортчу келди. Араларынан талаа оюндарынан тышкары, аркан тартыш, жада калса көкпар тартып жүргөн алыскы чет элдердин жарандарын да кезиктирүүгө болот.
Гани Ахметбаев, көкпардан башкы калыс:
- 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 9 өлкөнүн курама командалары келишти. 104 спортчу катталып, квалификациялык комиссиядан өттү.
Казак элинин салттуу жаа атуу ыкмасын үйрөнүүнү каалаган чет элдиктердин катары калың. Жаа атуу боюнча жалпы мелдешке 33 өлкөнүн 180 өкүлү чогулду. Так бутага аткандардын арасында Европанын көзгө атар мергенчилери да бар.
Герреро Гальего, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучусу, Испания:
- Биз Испаниядан жаа атуу боюнча атайын мелдешке катышуу үчүн келгенбиз. Келинчегим Соледат менен бул спортко кызыгып жүргөнүбүзгө 12 жылдай болуп калды. Экөөбүз тең 80 жаштабыз. Мүмкүн болсо, алдыдагы убакытта Казакстанда боло турган мындай иш-чараларды өткөрүп жибербөөгө аракет кылабыз.
Көчмөндөр оюндарына Италиянын намысын казак кызы Арай Какимжанова алып келди. Ал 4 жыл мурун чет өлкөгө турмушка чыккан. Жолдошу да жаа атуудан кесипкөй спортчу.
Арай Какимжанова, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучусу, Италия:
- Көчмөндөр оюндары Астанада өтөт дегенде бизге ой келди. Эмне үчүн Италиянын элин алып барбайбыз деген? Жети жаачы келди, экөө аял, беш эркек. Пута, Калкан, Жамбы атуу буталары жана алардын эрежелери Италиядагы жаа атуу эрежелеринен бир топ айырмаланат. Мен ушундай тажрыйба алуу үчүн келдим.
Эн алгач жылкыны биринчи колго үйрөткөн Улуу Талаа цивилизациясы ар түрдүү маданияттарды бириктирген алтын көпүрө. Көчмөндөрдүн бүгүнкү мураскерлери ошол нерсени заманга ылайык улантып келет. Алардын бири жакшы салтка айланган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары.
Которгон: Илгиз Жамалбеков