Казакстан атом энергетикасы боюнча адистерди даярдоодо Венгриянын тажрыйбасын киргизүүнү көздөп жатат. Ошондой эле, Кытайдын IT, дрондорду чогултуу жана инженерия тармагындагы тажрыйбасын колдонуу пландалууда. Бул тууралуу Окуу-агартуу министри «жумушчу адистиктер шаары» фестивалында билдирди. Гани Бейсембаев быйыл өлкөнүн 10 колледжин интернационалдаштыруу иши башталганын маалымдады. Башкача айтканда, алардын билим берүү программалары эл аралык стандарттарга жооп берет жана глобалдык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү болот. Муну менен катар, борбор калаада техникалык жана кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерин колдоо максатында Улуттук компетенттүүлүк борбору түзүлмөкчү. Мындай заманбап борборлор Кытай, Корея жана БАЭде бар.
Гани Бейсембаев, Окуу-агартуу министри:
- Бул Борбор WORLDSKILLS International кесиптик стандарттарын, жаңы технологиялык чечимдерди, заманбап инновациялык көндүмдөрдү иштеп чыгууга жана ишке ашырууга салым кошот. Буга кошумча, дүйнөлүк стандартка ылайык сертификатталган адистерди даярдоого мүмкүндүк берген аянтчасы болуп жатат. Быйыл түрк тилдүү мамлекеттер арасында жумушчу адистиктердин кесипкөй чеберлерин чыңдоого багытталган алгачкы TurkicSkills чемпионатын өткөрүү пландалууда. Бул иш-чаранын түпкү максаты - түрк тилдүү мамлекеттер менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу инвестиция тартуу жана келечекте өлкөбүздү Борбор Азия өлкөлөрүнүн кесиптик билим берүү борборуна айландыруу.
Белгилей кетсек, «жумушчу кесиптердин шаары» фестивалында 8 тематикалык көчө ачылды: анда тоо-кен иштери, металлургия, унаа жасоо жана транспорт, энергетиктер менен мунайчылар, айыл жана суу чарбасы, куруучулар, куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр, медициналык жана келечек адистиктерине арналган көчөлөр да бар. Ошондой эле кесиптик өнүгүүнүн ар кандай тармактарын жана багыттарын чагылдырган 40 креативдүү үй сунушталган. Иш-чаранын алкагында бир нече күн бою семинарлар жана мастер-класстар, хакатондор, адисткитер жүрүшү, бош орундар жарманкеси, стартап презентациялары, концерттер жана тренингдер өткөрүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

