Премьер-министр серепчилер жана бизнес өкүлдөрү менен салык реформасы маселесин талкуулады

Премьер-министр серепчилер жана бизнес өкүлдөрү менен салык реформасы маселесин талкуулады

Казакстанда ири маалыматтарды талдоо системасы ишке киргизилет. Ага 55 мамлекеттик маалымат базасы жүктөлгөн. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 569 миң юридикалык жактардын жана 1,8 миллиондон ашык жеке ишкерлердин профилдери түзүлдү. Санариптештирүүнүн аркасында салык төлөөчү эмгек акы, убактылуу жумушчулардын саны, салык формалары, кыймылсыз мүлк, транспорт каражаттары жана башка да толук маалыматтарды алууга болот. Ошондой эле бизнести каттоого көзөмөлдү күчөтүү сунушталып жатат. Мисалы, Face ID тутумун колдонгон ишкерлерди идентификациялоо чаралары каралууда. Мындан тышкары, жалган адамдардын аты менен катталуу коркунучун азайтуу үчүн маалыматтар текшерилет. Өлкөдөгү бирден-бир санариптик чечим катары жогорку тобокелдиктеги салык төлөөчүлөрдүн электрондук эсеп-фактура системасында биометрикалык идентификациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Temu, Pinduoduo жана Alibaba Group сыяктуу 100дөн ашык онлайн соода платформалары салыктык каттоодон өттү.

Асет Турысов, Каржы вице-министри:

- «Электрондук Тамга» долбоору кошумча нарк салыгын администрациялоону карайт жана юридикалык чыгымдары такталбаган же терс балансы бар тобокелдиктерди төлөбөгөндөргө, башкача айтканда, тобокелдүү компанияларга эсеп-фактураларды жазып берүүгө жол бербөө камында алардын онлайн режимде чыгарууга бөгөт коюуга мүмкүндүк берет. Каржы министрлиги жаңы салык кодексине тиешелүү бардык зарыл долбоорлорду, анын ичинде кошумча нарк салыгын администрациялоону колдоо үчүн санариптик чечимдер боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө даяр.

Премьер-министр салык реформасына байланыштуу президенттин тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында сунушталган чаралар коомчулук менен активдүү талкууланып жатканын белгиледи. Улуттук экономика жана каржы вице-министрлери жетектеген жумушчу топтор бүтүндөй облусту кыдырып, талдоо жана иштеп чыгуу боюнча сунуштарды чогултушту. Серепчилердин айтымында, талданган кошумча нарк салыгы жана эсепке алуу босогосун кыскартуу Улуттук фондго көз карандылыкты азайтып, инфраструктураны өнүктүрүүгө кошумча каражаттарды жумшоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле, атайын салык режимдеринин санын кызмат көрсөтүүнүн 364 түрүнөн 40ка чейин кыскартуу көздөлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков