Орусиянын президенти мамлекеттик сапар менен Казакстанга келди

Орусиянын президенти мамлекеттик сапар менен Казакстанга келди

Касым-Жомарт Токаев Казакстанга мамлекеттик сапар менен келген Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди борбор калаанын аэропортунан тосуп алды. Урматтуу мейманды тосуп алуу үчүн аэропортто ардактуу кароол тизилди. Казакстан менен Орусия элдеринин чыныгы достугунун белгиси катары балдар эки өлкөнүн желектерин желбиретип, кол чаап, Владимир Путин баштаган орусиялык делегациялары менен учурашып, ыр окуп беришти. Ал эми кесипкөй сүрөтчү Асел Сабыржан кызы Владимир Путин Астанага учуп келгенден тарта баштаган эмгегин мамлекет башчыларына тааныштырды. Сүрөт иш сапарынын соңунда Орусиянын президентине белек катары тапшырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков