Актау жана Курык портторун өнүктүрүү - Казакстандын стратегиялык максаты болуп саналат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Abu Dhabi Ports Group башкаруучу мүдүрү Мухаммед Жума Аль-Шамиси менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Казакстандын мунайын Ортоңку коридор аркылуу Азербайжанга ташуу боюнча кызматташууга оң баасын берди. Ошондой эле, тараптар транспорт жана логистика тармагындагы биргелешкен иштердин келечегин талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев Евразияны Перс булуңу, Африка жана Индия менен байланыштырган “Түндүк-Түштүк” жолунун дараметин пайдалануу планы тууралуу айтты. 2027-жылга карата аталган каттамдын жүк ташуу жөндөмдүүлүгү кеминде 70 пайызга артып, 9 миллион тоннадан 15 миллион тоннага чейин көбөйүүгө тийиш. Буга байланыштуу президент «Казакстан Темир Жолу» улуттук компаниясы менен Abu Dhabi Ports ортосунда биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимге өзгөчө көңүл бурду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков