АКШ-Борбор Азия кызматташтыгы

АКШ-Борбор Азия кызматташтыгы

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын катышуусунда өткөн С5+1 форматындагы форумда аймактын мамлекеттери менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Энтони Блинкен жана Борбордук Азиянын тышкы иштер министрлери негизги көңүл аймактагы альтернативдүү соода жолдорун өнүктүрүүгө, азык-түлүк коопсуздугу жана энергетика, экология маселелерине бурулгандыгын белгилешти. Мындан тышкары, Мухтар Тлеуберди АКШ жана Борбор Азия мамлекеттерин кулжа айынын 8-9у күндөрү Астанада өтө турган эл аралык форумга чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков