Касым-Жомарт Токаев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Анкаранын жанындагы аэрокосмостук корпорациянын имаратына жасалган террордук чабуулдун кесепетинен адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Президент анда: «Казакстан тынч жарандарга багытталган мындай адамгерчиликсиз актыны чечкиндүү айыптайт» деп белгилеген. Мамлекет башчысы ошондой эле курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы түрк элине көңүл айтып, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков