Казакстанда 2023-жылы мунай 8% көп өндүрүлдү

Жыл башынан бери Казакстан мунай жана газ конденсатын өндүрүү көлөмүн 82,2 миллион тоннага чейин көбөйттү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 8%га көп. 64 миллион тоннадан ашык мунай жана 5 миллиард кубометрден ашык жаратылыш газы экспорттолду. Ата мекендик мунайды кайра иштетүүчү заводдор үчтүн айы-тогуздун айларында өлкөдө 11 миллион тоннадан ашык мунай  өнүмдөрүн өндүрүп, планды ашыгы менен аткарды. Жылдын жыйынтыгы боюнча 13,5 миллион тоннага жакын мунай өнүмдөрүн өндүрүү пландаштырылган. Энергетика министрлиги тармакка байланыштуу жыл жыйынтыгын жарыялады.

Алмасадам Саткалиев, Энергетика министри:
үгүнкү күндө 50 миллион тоннадан ашык казак мунайы ташылды. Альтернативалык багыттарды өнүктүрүү программасынын алкагында, атап айтканда, эл аралык транспорт коридору аркылуу биз казакстандык мунайды Баку-Тбилиси-Джейхан куур системасы аркылуу өткөрдүк. Анын кубаттуулугу жылына 1,5 миллион тоннаны түзөт. Биз азербайжандык кесиптештерибиз менен казакстандык мунайды Баку-Супса мунай кууру аркылуу ташуу маселесин талкуулап жатабыз.

Батыш-Казакстан облусундагы «Рожковское» кени жаратылыш газынын кошумча булагына айланат. Ал быйыл пайдаланууга берилди. 2040-жылга чейин 14,2 миллиард кубометр чийки газ жана 7,1 миллион тонна конденсат өндүрүү мерчемделүүдө. Кошумчалай кетсек, 2023-жылы "Түштүк Аксай" жана "Чыгыш Өрүктау" кен жайлары пайдаланууга берилди. Ал эми геологиялык чалгындоо иштерине келсек, инвестиция көлөмү 9 миллиард долларды түзгөн жер казынасын пайдалануу боюнча 5 келишимге кол коюлду. Ошондой эле, Бириккен Араб Эмираттарынын энергетикалык компаниясы менен табигый уранды жеткирүү боюнча тарыхта биринчи келишимге, буга кошумча, Кытайдын энергетикалык компаниясы менен табигый уранды жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишимге кол коюлду. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков