2023-жыл Казакстан үчүн жаңылыктарга жана окуяларга бай болду. Өлкөдө президенттин демилгеси менен масштабдуу саясий жана экономикалык реформалар улантылды. Касым-Жомарт Токаевдин бардык тапшырмалары экономикага, саясатка, инфраструктурага же социалдык маселелерге карабастан улуттук мүнөзгө ээ. Алардын көбүн аяк оона айынын 1де парламенттин кезектеги сессиясынын ачылышында жарыялаган. Жакынкы келечектеги пландар маанилүү мыйзамдардын кабыл алынышы менен бекитилди. Жалпысынан 2023-жылы президент 98 мыйзамга, 344 жарлыкка жана 91 буйрукка кол койду. Бул тууралуу «Казинформ» агенттигине мамлекет башчынын кеңешчиси жана басма сөз катчысы Берик Уали билдирди. Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен мыйзамсыз чыгарылган мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам иштелип чыгып, кабыл алынды. Анын жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күнгө чейин 1 триллион теңгеге жакын акча кайтарылды. Ал эми бул каражаттар өлкөгө керектүү долбоорлорго жумшалып, албетте элдин жыргалчылыгынын өсүшүнө таасирин тийгизет.
Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча өлкө экономикасына 13 миллиард доллардан ашык каражат тартылды. Буга инвесторлор үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттар жана Казакстандын дарамети себеп болууда. Өнөктөштөрдү тартуу президенттин эл аралык жолугушууларынын жүрүшүндө жүргүзүлөт. Ошентип, быйыл Касым-Жомарт Токаев 268 иш-чарага катышты. Казакстандын президенти 19 чет өлкөгө иш сапары менен барып, 27 форумга жана саммиттерге катышып, 30 чет мамлекеттин лидерлери менен жолугушту. Дал ушундай жолугушууларда эң маанилүү геосаясий чечимдер кабыл алынып, капиталды көп талап кылган келишимдерге кол коюлат. Президент Борбордук Азия чөлкөмүндө лидерликти сактоого жана Казакстанды транспорттук-логистикалык хаб катары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бул багытта бир топ иштер аткарылганын айта кетүү керек: Кытайдын Ляньюньган портунда казак-кытай логистикалык борбору түзүлдү, Хоргос кургак порту жана Батыш Европа – Батыш Кытай транзиттик автожолу ишке кирди. Кытайдан Иранга жаңы темир жол коридору салынды, республиканын батышында жана түштүгүндө жаңы темир жол каттамдары курулууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков