Казакстандын президенти айымдарды жалган куран айынын 8 майрамы менен Акордодогу салтанаттуу жыйында куттуктады.
Касым-Жомарт Токаев адамзат коомуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын үй-бүлөлүк
баалуулуктарды, улуттук каада-салттарды сактоодо жана келечек муундарды
тарбиялоодо маанилүү миссиясы бар экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы
казакстандык аялдар тарых бою баатырдыкты, кайраттуулукту жана патриоттуулукту
көрсөтүшкөнүн баса белгиледи. Алардын арасында даңазалуу кол башкаруучулар Томирис менен Бопай ханым, айтылуу
Домалак эне, Зере, Улпан баатыр энелер, ошондой эле улуу талаанын баатыр кыздары – Алия, Маншук жана
Хиуаз бар. Алардын ысымдары өлкөнүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылган.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Өнүккөн
интеллектке жана аң-сезимге ээ казакстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо менен
сиздер өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуп жатасыздар. Казакстандын көптөгөн
жетишкендиктеринин артында биздин мыкты кыз-келиндердин талыкпаган эмгеги
турат. Бүгүн Акордодо биз ар кандай тармактарда тажрыйбалуу адис
болгон жана өлкөнүн өнүгүүсүнө татыктуу салым кошкон аялдарды сыйлайбыз.
Сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет!
Президент аялдардын жана балдардын бакубаттуулугу өлкөнүн келечеги
менен түздөн-түз байланыштуу экендигин баса белгиледи. Мамлекет аялдарды
коргоого жана ар тараптуу колдоого өзгөчө көңүл бурат. Үй-бүлөлөргө жардам
берүү борборлору түзүлүп, көп балалуу энелерди колдоонун Улуттук модели
өнүгүүдө. Бул чаралар өз натыйжасын берип, Казакстанда көп балалуу үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө. Касым-Жомарт
Токаев белгилегендей, бүгүнкү күндө аялдар ар түрдүү тармактарда жемиштүү
эмгектенишет. Алар өлкөдөгү мамлекеттик кызматкерлердин жарымынан көбүн,
ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин 70% түзөт.
Көптөгөн казакстандык аялдар бизнес, армия жана укук коргоо түзүмдөрүндө жооптуу кызматтарды ээлешет. Ал
эми спортчу кыздар өлкөнү эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп жатышат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
- Жаратман энергия
жана берилгендик эң сонун идеяларды ишке ашырууга жардам берет. Сиздер
коомдук иш-аракеттерде күчтүү жарандык позицияны жана камкорду көрсөтүп келесиздер. Маанилүү демилгелерди жана элге керектүү социалдык долбоорлорду
ишке ашырып жатасыздар. Сиздер ар кандай ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасап,
ар дайым оң натыйжага жетесиздер.
Жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон аялдарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алгачкы жолу «Казакстандын эмгек сиңирген куруучусу» жана «Казакстандын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер» наамдары ыйгарылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

