Алматыда I Түркологиялык курултайдын 100 жылдыгына карата симпозиум өтүп жатат

Алматыда I Түркологиялык курултайдын 100 жылдыгына карата симпозиум өтүп жатат

Алматы шаарында алгачкы Баку түркологдор курултайынын 100 жылдыгына арналган эл аралык симпозиум өтүп жатат. 1926-жылы Азербайжандын борборунда биринчи жолу катышуучулар жалпы маданий мурастын, тилдин жана жазуунун маселелерин талкуулашкан. Анда түрк элдеринин тилдерин араб жазуусунан латын тамгасына өткөрүү эң маанилүү жана тагдыр чечүүчү кадамдардын бири болгон. Эки күндүн ичинде Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркиядан келген алдыңкы окумуштуулар жана серепчилер, ошондой эле АКШдан жана Европа өлкөлөрүнөн келген түркологдор Биринчи курултайдын тарыхый маанисин жана XXI кылымда түркологдордун өнүгүшүн талкуулашууда. Иш-чаранын алкагында Бакудагы тарыхый курултайдын мурасын чагылдырган уникалдуу архивдик сүрөттөр, сейрек кездешүүчү документтер жана кинохроникалар менен масштабдуу экспозиция тартууланууда. Эл аралык симпозиумдун уюштуруучулары Түрк академиясы жана башка түрк элдеринин уюмдары, ошондой эле Казакстандын жана Азербайжандын алдыңкы университеттери болуп саналат.

Шаин Мустафаев, Түрк академиясынын президенти:

– Мен бул конференция түркологдордун андан ары өнүгүшүнө, элибиздин ортосундагы байланыштын мындан ары да чыңдалышына өбөлгө болот деп терең ишенем. Биз бул жерде биргелешкен жалпы түрк тарыхын жазуу маселелерин талкуулай алабыз. Жалпы терминологияны түзүү жөнүндө ойлонобуз. Бул мындан туура 100 жыл мурун биздин тарыхый инсандарыбыз тарабынан коюлган ошол эле маселелердин, көйгөйлөрдүн уландысы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков