Касым-Жомарт Токаевдин Акмола облусуна болгониш сапары Косшадагы бир жарым миң орундуумектеп-гимназияга баруудан башталды. Окуу жайжаңы райондо жайгашкан. Жеке инвестициягажана «ыңгайлуу мектеп» улуттук долбоорунунстандарттарына ылайык курулган. Информатика, химия, физика, биология, технология, робототехника, мобилография, виртуалдык унааайдоо, чет тилдер, жыйындар жана спорт залдарыбар. Мамлекет башчы мугалимдер жана окуучуларменен баарлашып, аларга жаңы окуу жылындаийгиликтерди каалады. Белектерсиз болбойт. Президент «Ата жөнүндө сөз» китебин жана атамекендик өндүрүштөгү мектеп автобусун белеккеберди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Казакстан алдыңкы өлкө болуусу үчүн робототехника сыяктуу маанилүү багыттарды изилдөө керек. Бул билим ар дайым талап кылынат. Жаш муун билим алууга умтулушу керек.
Мамлекет башчы Косшанын инфраструктуралык өнүгүү планы менен таанышты. Ага облустук маанидеги шаар макамы берилгенден кийин 2021-жылы бул жерде калктын саны 110 миңге жеткен. Башкы пландын алкагында бир жарым миллион чарчы метр турак жай жана 45 социалдык объект-мектеп, бала бакча, оорукана куруу мерчелген. Касым-Жомарт Токаев облус акимине шаардын инженердик-коммуналдык инфраструктурасын модернизациялоо жана газ түтүгүн тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ошондой эле президент Косшада жарым фабрикаттарды өндүрүүгө катышты. Мамлекеттен финансылык колдоо алган компания канаттуулардын этинен өнүм чыгарат. Чийки зат облустун канаттуулар фабрикаларына жеткирилип, ал эми даяр өнүм өлкө боюнча чыгымдалат.Ошондой эле экспорт Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө жөнөтүлөт.
ШВ-Мекендин маданият үйү
Президент Мекендин айылына да барды. Мамлекет башчыга жергиликтүү маданият үйү, хореографиялык жана спорт залдары, үн жаздыруу студиясы жана ийримдер көрсөтүлдү. Белгилей кетсек, бизнестин социалдык жоопкерчилигинин алкагында «Ата Мекен» агрофирмасы айылды өнүктүрүүгө дээрлик 800 миллион теңге бөлгөн.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Мен баарына салам айтам. Мен бүгүн атайын урматтуу Иван Адамович Сауэрдин чарбасын көргөнү келдим. Ал жөнүндө көп уккам. Ар бир жолу келем деп убада берип, бирок азыр ганакелип олтурам. Бул жолу мен бул жакка келдим.Баарыңарды көргөнүмө абдан кубанычтамын! Экономика чоң, бардык көрсөткүчтөр боюнча алдыңкы.
Мындан тышкары, өлкө башчы супермаркетти, паркты, мектепти жана албетте – «Мекен» агрофирмасынын өндүрүш объекттерин, саан борборун жана сүт заводун кыдырып чыкты. Бүгүнкү күндө ишкана Европанын алдыңкы технологиялары менен иштеп, суткасына 50 тонна сүт жана өнүмдүн бир нече түрүн өндүрөт. Белгилей кетсек, Акмола облусунда сүт азыктарын чыгаруучу 15 завод бар. Ошондой эле аймакта 7 сүт-товар фермасы курулуп жатат. Долбоорлорду каржылоого 13 миллиард теңге бөлүнгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков