Элди эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридор түзүү. Украин-Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасынын жыйынтыгында делегациялар ушундай келишимге жетишти. Жакынкы арада материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана атайын байланыш каналдарын түзүү маселеси иштелип чыгат. Эки тарап сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундун жакын арада өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу келерки аптада Беларуста өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков