Казакстандын жаңыланган өкмөтү түзүлдү. Азыр министрлер кабинетинде 26 адам бар. Эске сала кетсек, буга чейин 19 министрликтин экөөсүнүн түзүмү кайра каралып, жаңы эки министрлик түзүлүп, учурда жалпы саны 21ге жетти. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин компетенциялары экиге бөлүндү, тактап айтканда, Транспорт министрлиги, Өнөр жай жана курулуш министрлиги. Кошумчалай кетсек, Маалымат жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Маданият жана маалымат министрлиги, Маданият жана спорт министрлиги Туризм жана спорт министрлиги болуп кайра түзүлдү. Ошондой эле жаңы Суу чарба жана ирригация министрлиги пайда болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков