Касым-Жомарт Токаев Иран президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Касым-Жомарт Токаев Иран президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Касым-Жомарт Токаев Иран Ислам Республикасынын жаңы шайланган Президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчы Масуд Пезешкианды жеңиши менен куттуктап, анын жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады. Тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков